3-октябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүКол чатыр көтөрүп көчөдө бараткан адамдар. Архив
Кол чатыр көтөрүп көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2022
Жазылуу
3-октябрга караган түнү жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү республиканын айрым жерлеринде жамгыр жааса, бийик тоолуу райондоруна кар түшүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл, Нарын жергесинде +15...+20, Талас аймагында +12...+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +19...+24 градус болоору айтылды.
Борбор калаада жамгыр жаашы мүмкүн. Ал эми Ош шаарында күн ачык болот. Термометр Бишкекте +18...+20 жана Ошто +20...+22 градускту көрсөтөт.
Бишкекте кол чатыр кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2022
Кар жаабайбы? Бир жумага карата Кыргызстандагы аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0