Байдендин абалы 2024-жылы кайрадан президент болушуна шек жаратат

© AP Photo / Patrick SemanskyАКШнын президенти Жо Байден. Архив
АКШнын президенти Жо Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2022
Жазылуу
Ак үйдүн башчысы шайлоочулар менен жолуккан сайын жаш курагына байланыштуу суроолор көбөйө турганы айтылат.
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Акыркы он жылда Жозеф Байдендин абалы кескин начарлады, анын эл алдындагы жүрүм-туруму кайрадан АКШ президенти болуп шайланышына шек жаратат. Бул тууралуу Washington Post басылмасынын баяндамачысы Меган Макардл билдирди.

"Он жыл мурдагы видеолорун көрүп салыштырууга болот. Азыр президенттин жүрүм-туруму өтө жай экени байкалып турат. Бул саясатчы үчүн көйгөй", — деди журналист.

Анын пикиринде, 2020-жылы Байденге ийгилик жылмайды. Коронавирус менен күрөшүү үчүн киргизилген социалдык чектөөлөрдөн улам шайлоо өнөктүгү бир топ кыскарган. Болбосо америкалыктар анын абалын эртерээк байкашмак деген оюн билдирген.
"Ак үйдүн башчысы шайлоочулар менен жолуккан сайын жаш курагына байланыштуу суроолор көбөйө берет", — деди Макардл.
Жозеф Байден 80 жаштын кырында турат, ал АКШнын тарыхындагы жашы эң улуу президент. Соңку убакта анын акыл-эсине байланышкан жүрүм-туруму боюнча сындар айтылып келет.
АКШнын президенти Жозеф Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2022
АКШлык журналист Байдендин башкы кемчилигин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0