Акча сураган жокмун, РФ телеканалына чыгуунун өзү бакыт. Токторовдун маеги

Жазылуу
Жакында эле белгилүү ырчы Бактияр Токторов "Россия-1" телеканалында алып баруучу Андрей Малаховдун программасына катышып келди.
Токторов ал жакка популярдуу "Буй-буй" ырынын арты менен барган. Малаховдун "Песни от всей души" берүүсүндө дал ушул чыгармасын аткарып, анын тарых-таржымалына токтолгон.
Ырчы Кыргызстанга келгенде Sputnik агенттигине маек курду.
"Алгач WhatsApp аркылуу чалышты. Келиш-кетишиңерди, мейманкананы төлөйбүз дешти. Тыйын бересиңерби деп сураган жокмун, ага деле кызыкпадым. Биринчи каналдан ("Россия-1") чыгуунун өзү чоң бакыт, чоң байлык. Мага ал жакта 12 мүнөт бөлүнүптүр", — деди Токторов.
Анын "Буй-буй" аттуу ыры 15 жыл мурда чыкса дагы азыркы кезге чейин эл сүйүп да, кайгырып да угуп, той-топурларда ырдын коштоосунда бийлеп келишет. Коңшу өлкөнүн ырчылары которуп да аткарышкан. Соңку ирет италиялык тиктокер бийлегенден кийин дагы да популярдуулугу артты.
Жаңылыктар түрмөгү
0