Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жээнбай уулу: аймактарда көмүскө иштеген ишкерлер көп

© Sputnik / Табылды КадырбековJIA бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Аззамбек Жээнбай уулу
JIA бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Аззамбек Жээнбай уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2022
Жазылуу
JIA бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Аззамбек Жээнбай уулу көмүскө экономикадан чыгуу үчүн мыйзамдарды жөнөкөйлөштүрүп, салыктык ченди төмөндөтүү керектигин айтты.
Бардык мыйзамдык чечимдер борборлоштурулуп, аймактарга көңүл бурулбай, өзгөрүүлөр тууралуу ишкерлердин баары биле бербейт. Негизи калктын көбү жана ишкерлердин жарымы элетте жашайт. Бул тууралуу Аззамбек Жээнбай уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Жээнбай уулу: аймактарда көмүскө иштеген ишкерлер көп
Анын айтымында, аймактарда көмүскө иштеген ишкерлер көп.
"Өлкөнүн экономикасынын жарымынан көбү көмүскөдө. Көптөгөн эксперттер айткан божомолдор көп учурда туура келбей калат. Мисалы, пандемия менен Чыгыш Азия, Европанын кээ бир өлкөлөрү азыр деле күрөшүп жатат. Биз оору, өлүм көбөйгөн учурда гана кыйналганыбыз болбосо айрым чектөөлөр алынганда кадимки жашоого аралашып кеттик. Чакан экономика болгондуктан өзгөрүүлөргө тез адаптация боло алат экенбиз. Ишкерлик өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө, көптөгөн социалдык маселелерди чечүүгө өбөлгө түзүп, өндүрүштүн көлөмүнүн өсүшүнө, салыктын түшүүсүнө, калктын иш менен камсыз болушуна оң таасирин тийгизет. Бирок аймактарда көмүскө иштеген ишкерлер көп. Анткени бардык мыйзамдык чечимдер борборлоштурулуп, аймактарга көңүл бурулбай, өзгөрүүлөр тууралуу ишкерлердин баары биле бербейт. Негизи калктын көбү жана ишкерлердин жарымы элетте жашайт. Текшерүүлөр учурунда гана ошондой маселе бар экенин билишет. Демек, жең ичинен көйгөйдү чечип, кайрадан ишин уланта берет. Ал үчүн мыйзамдарды жөнөкөйлөштүрүп, салыктык ченди төмөндөтүү керек", — деди Жээнбай уулу.
Ошондой эле адис аймактардагы ишкерлердин каржылык сабаттуулугун жоюу үчүн дагы көп аракет болушу керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0