Үй же батирди ижарага бергендер салык төлөшү керектиги эскертилди

© Sputnik / Табылды КадырбековАкча жана ачкыч. Архив
Акча жана ачкыч. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2022
Жазылуу
Жеке жактын салык төлөбөй жүргөнү аныкталса, мыйзамга ылайык чара көрүлөт.
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы батир же үйдү ижарага берген жеке жактар Кыргызстандын салык мыйзамдарына ылайык салык төлөөгө тийиш экенин эскертти.
"Кыймылсыз мүлк ээси салык төлөө режимин өз алдынча тандайт. Салыктарды патенттин, бирдиктүү салыктын же жалпы салык режиминин негизинде төлөөгө болот. Мындан улам мүлктү ижарага бергендерди салык төлөөгө чакырабыз", — деп айтылат маалыматта.
Мамлекеттик кызмат турак жайын ижарага берип, бирок салык төлөбөгөндөр тууралуу маалыматы барларды (0312)61 31 89, (0779)61 31 89 (WhatsАpp), 116 телефондоруна чалып же аймактык салык органдарына билдирип коюуну өтүндү.
"Жеке жактын салык төлөбөй жүргөнү аныкталса, мыйзамга ылайык чара көрүлөт", — деп жазылат билдирмеде.
2022-жылдын 8 айында батир же үйдү ижарага бергендер патенттин негизинде 33,9 миллион сом өлчөмүндө салык төлөгөнү айтылды. Бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,8 миллион сомго көп.
Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургуну тажик аскерлери тарабынан ок аткан имараттын жанында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Баткенде жабыркаган ишкерлерге салык жеңилдигин берүү пландалууда
Жаңылыктар түрмөгү
0