Транспорт министри Эркинбек Осоев иштен алынды

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевТранспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев
Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2022
Жазылуу
Бүгүн Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде төрт министр кызматынан алынды.
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров жарлыгы менен транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоевди кызматынан бошотту. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Жапаров аталган аткаминерди Баш мыйзамдын 71-беренесине таянып иштен бошоткондугу айтылды.
Президент буга чейин маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловду, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевди жана энергетика министри Доскул Бекмурзаевди кызматынан бошоткон.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров кол коюу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2022
Алмазбек Бейшеналиев иштен алынды. Жарлыкка Жапаров кол койду
Жаңылыктар түрмөгү
0