Спортчу пенальти тебер алдында сальто жасап, андан соң гол киргизди. Видео

Жазылуу
Мындай ыкма менен көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурган оюнчу мурда да сальтонун коштоосунда гол киргизип жүргөн.
Медиалига турниринде блогерлерден куралган "Рубин" командасынын оюнчусу Норик Авдалян сальто түшөр алдында пенальтиден гол киргизди. Анда ал Goats командасы менен беттешип жаткан.
Мелдеш Москва шаарында өтүп, коноктордун пайдасында 3:0 эсебинде жыйынтыкталды. Авдаляндын сальтого катарлаш коштолгон голу оюндун 59-мүнөтүндө 11 метрликтен ишке ашты.

"Топко таамай келүү – абдан татаал. Мен укмуш таамай келдим деп айта албайм, атаандаш команданын дарбазачысынын жыгылып кеткени менин пайдама жарады, болбосо гол кирмек эмес деп ойлоп жатам. Муну менен мен үчүнчү ирет ушундай ыкмада гол киргиздим. Дагы башкача ыкмадагы даярдыктарым бар, бирок аны айтпайм, оюн талаасында көрсөтүп берем", — деди "Спорт Бизнес Онлайн" басылмасына өзгөчө гол киргизген футболчу.

Р-Спорттун маалыматына ылайык, 2018-жылы дагы ал сальто жасаар алдында андагы сокку менен пенальтиден гол киргизген. Анда ал Казань улуттук техникалык илим-изилдөө университетинин намысын коргогон.
Футболдук Медиалига — ышкыбоздордон түзүлгөн командалар катыша алган россиялык турнир. Ал 2022-жылы түзүлгөн. Азыр Медиалиганын экинчи сезону өтүп жатат.
Тема боюнча:
180 киши өлдү. Индонезиядагы каргашанын күбөсү окуя кандай болгонун айтып берди
Жаңылыктар түрмөгү
0