Спикер болчу Нурлан Шакиев Курманбек Бакиев тууралуу пикирин айтты

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Нурланбек Шакиев
Депутат Нурланбек Шакиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2022
Жазылуу
Шакиев 2006-2010-жылдары Бакиевдин маалымат катчысы, андан соң кеңешчиси болуп иштеген.
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагалыгына талапкер Нурлан Шакиев качкын президент Курманбек Бакиев тууралуу пикирин айтты.
Анын талапкерлиги каралып жатканда депутат Дастан Бекешев көз карашын сурады.
"Бакиевдерге көз карашыңыз кандай? 2019-жылы телеканалыңыздан Курманбек Бакиевдин 70 жылдык мааракесин куттуктап, жакшы сөздөрдү айтып чыгаргансыздар. Таарыныч болбосун, мен сизден ошону сурап коёюн", — деди Бекешев.
Ал мурда иштеп кеткен президенттерге көз карашы коомчулуктан айырмаланбай турганын айтты.
"Бардык экс-президенттерге, анын ичинде Бакиевге коомчулук кандай көз карашта болсо меники дагы ошондой", — деди Шакиев.
Жоопко канааттанбаган Бекешев "эл мененсизби?" деп тактап сурады эле Шакиев "албетте!" деп жооп берди.
Шакиев жалгыз талапкер катары каралууда, ага альтернатива сунушталган жок.
Белгилей кетсек, Нурлан Шакиев 2006-2010-жылдары Курманбек Бакиевдин маалымат катчысы, андан соң кеңешчиси болуп иштеген.
Депутат Нурланбек Шакиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2022
Үч фракция менен бир топ Нурлан Шакиевди ЖК төрагалыгына көрсөттү
Жаңылыктар түрмөгү
0