7-октябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүЖамгыр тамчылары. Архив
Жамгыр тамчылары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2022
Жазылуу
7-октябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетиши мүмкүн.
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Жума күнү күндүз тоолуу райондордо жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, дыйканчылык аймактарда жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +19...+24, Талас жергесинде +17...+22, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +21...+26, Ысык-Көл жана Нарында +14...+19 градус жылуу болору болжолдонду.
Күндүн табы борбор калаада +22...+24, Ош шаарында +24...+26 градуска чейин көтөрүлөт.
Бишкекте күз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2022
Күн кайра ысыйбы? Дем алышка карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0