Күн жылый баштайт. Алдыдагы аптага карата Чүй облусундагы аба ырайы

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүСаргайган жалбырак. Архив
Саргайган жалбырак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2022
Жазылуу
Шаршембиден тарта күн жылып, абанын температурасы 24-25 градуска чейин көтөрүлөт.
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан аптада Чүй облусунда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Синоптиктердин божомолу боюнча, облустун аймагында 15-октябрга чейин жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Алдыдагы жумада Бишкек шаарында да күндүн көзү бузулбайт. Шаршембиден тарта күн жылып, абанын температурасы +24... +25 градуска чейин көтөрүлөт.
Эркиндик бульварында сейилдеп жүргөн адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2022
Октябрь айына карата Кыргызстандагы аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0