4 000 киши катышты. Ак илбирсти сактоого арналган марафондун видеосу

Жазылуу
Бишкекте ак илбирсти сактоого арналган эл аралык кайрымдуулук марафону — Toyboss Snow Leopard Run кандай өткөнүн Sputnik тарткан видеодон көрүңүз.
Жарыш калаанын негизги көчөлөрүндө болду. Катышуучулар 1, 5, 14 жана 21,1 чакырым аралыкка чуркашты. Ошондой эле балдар үчүн Nurzaman Kids Run дистанциясы жана аймактык онлайн-жарыш уюштурулду.
Профессионал спортчулар арасында 21,1 чакырым аралыкка чуркоодо россиялык спортчу Ринас Ахмадеев биринчи болуп келди. Экинчи жана үчүнчү орундарды кыргызстандык Илья Тяпкин жана Тилекжан Жекшеналы уулу ээледи. Аялдар арасында Гүлшанай Саттарова биринчи болду, экинчи орунду Айнуска Калил кызы багындырды.
Белгилей кетсек, жыл сайын катышууга төлөнгөн каражат илбирсти жана экосистеманы коргоо боюнча глобалдык программага (GSLEP) которулуп, фотокапкан сатып алынып келет. Ошондой эле жаратылыш чөйрөсүндөгү башка муктаждыктарга жумшалат.
Тема боюнча:
Чуркаганга шык берет! Бишкекте өткөн массалык жарыштан 12 сүрөт
Россиялык жөө күлүк Бишкектеги жарым марафондо рекордун жаңылады. Жыйынтык
Жаңылыктар түрмөгү
0