Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

Улуттук банк Баткенде жабыркагандардын кредитин кечүү токтомун чыгарды

© Sputnik / Игорь Егоров / Медиабанкка өтүүТажикстандан аткылоонун кесепеттери
Тажикстандан аткылоонун кесепеттери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2022
Жазылуу
Токтом куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган кардарга колдоо көрсөтүү максатында чыгарылган.
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Улуттук банк финансы-кредиттик уюмдарга жана коммерциялык банктарга Тажикстандын кол салуусунан жабыркаган жарандардын насыяларын кечүүнү сунуштаган токтом чыгарды. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылышуудан жабыркаган кардарлардан келип түшкөн бардык кайрылууларды талапка ылайык кароого тапшырма берген.
Улуттук банктын сунуштамасы:
каза тапкан, жарадар болгон, бизнесинен же турак жайынан ажыраган жарандардын кредиттерин кечип салуу чечимдерин кабыл алуу;
кредиттерди реструктуризациялоо, анын ичинде төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу;
кредиттик келишимдердин шартын кайра карап, комиссиялык жана башка төлөмдөрдү албоо;
убагында төлөнбөгөн сумма үчүн айыптык санкцияларды колдонбоо, үстөк пайызды чегербөө;
кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоонун алкагында жабыркаган кардарларга башка жардам көрсөтүү чараларын караштыруу.
Ошондой эле токтом тууралуу финансы-кредиттик уюмдары өздүк сайттары жана башка тармактар аркылуу жабыркаган кардарларга маалымдоо зарылдыгын белгиленген.
Каражат чогултуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2022
Жамандыкта жабыла жардам берген Кыргызстан. Ачылган эсептерге канча акча түшкөн
Жаңылыктар түрмөгү
0