Россиялык ишкер: бул жылы буудай кенен, аны Кыргызстанга ташууда көйгөй жаралбайт

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүБуудайдын түшүмүн жыйноо. Архив
Буудайдын түшүмүн жыйноо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2022
Жазылуу
"Биргелешкен дан компаниясы" борборунун башкы директору Дмитрий Антоненко Россияда быйыл буудай арзан экенин айтты.
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Кыргызстанда дан жана ун жетишсиз, ал эми Россияда быйыл дан өсүмдүктөрү көп айдалды. Буга байланыштуу Кыргызстанга Россиядан дан, ун алуу пайдалуу болот. Мындай пикирин "Биргелешкен дан компаниясы" борборунун башкы директору Дмитрий Антоненко Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде билдирди.
Антоненконун айтымында, аталган борбордун филиалы Кыргызстанда да иш жүргүзүп келет. Ишкер Россиядан Кыргызстанга дан жана ун алып келүү иштеринде көйгөйлөрдү байкай электигин белгиледи.
"Биз кыргызстандык өнөктөштөр менен Россиядан алып келинген дан жана унду жергиликтүү талапка ылайыктап Токмок шаарындагы ишканада кантип иштеп чыгуу маселеси боюнча иш жүргүзүп жатабыз. Зарыл болуп калса вагондогу данды ун кылып, Кыргызстанга ташыйбыз", — деди Антоненко.
Анын айтымында, бул жылы Россиянын аймагында дан кенен, буга байланыштуу анын баасы төмөндөдү.
"Мындай жагдайда ЕАЭБ өлкөлөр арасында дан ташууда көйгөй жаралбашы керек", — деди ишкер.
Айыл чарба министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүнө экспертиза кылуу департаментинин үрөндү сертификациялоо бөлүмүнүн башчысы Дамир Байдалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2022
Радио
Байдалиев: былтыр Россиядан 2000 тонна арпа, 3000 тонна буудай үрөнү келген
Жаңылыктар түрмөгү
0