ЖМК: Байдендин Путиндин дарегине айткан сөзү америкалыктарды чочутту

© AP Photo / Susan WalshАКШ президенти Жо Байден
АКШ президенти Жо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2022
Жазылуу
Макаланын автору АКШ лидеринин Путиндин дарегине шек келтирип, өзөктүк согуш коркунучу тууралуу айткандары дүйнөдө резонанс жаратканын белгилеген.
БИШКЕК, 12-окт.— Sputnik. Washington Times басылмасы АКШ президенти Жо Байдендин Россия президенти Владимир Путиндин аракеттеринен улам "дүйнө өзөктүк согуш коркунучунда" деп айткан билдирүүсү күтүүсүз болду эсептейт.
"Байдендин Путиндин дарегине шек келтирип, өзөктүк согуш коркунучу тууралуу айткандары дүйнөдө резонанс жаратты. Мындан улам Ак үй шашылыш түрдө АКШ президентинин сөзү туура эмес чечмеленип калганын айтып, муну өзөктүк согуш болуп кетиши ыктымал деген эскертүү катары кабыл албаш керектигин түшүндүрдү", — деп жазылат маалыматта.
Макаланын автору администрация коомчулукту жоошутууга аракет кылганы менен президенттин сөзү америкалыктарды чочутканын белгилеген.
Эске салсак, АКШ президенти кансыз согуш жана Кариб каатчылыгынан бери дүйнө биринчи жолу өзөктүк согуш коркунучунда турганын айтып, кырдаалдын курчушуна Россиянын жетекчилигин айыптаган.
Сентябрда президент Владимир Путин россиялыктарга кайрылуу жасап жатып Батыштын Россияга каршы саясаты чектен ашып кеткенин белгилеген. Ал Батыштын Москвага каршы массалык жок кылуучу куралдарды колдонууга өтө баштаганына токтолуп, өзөктүк курал менен коркутууга аракет кылып жаткандар, тескерисинче, анын залакасын өздөрү тартып калышы мүмкүн экенин эскерткен.
БУУнун желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
БУУ Зеленскийдин Россияга сокку уруу тууралуу айткандары боюнча үн катты
Жаңылыктар түрмөгү
0