АКШ министри Россия мунайына баанын чегин сунуштады

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүМунай казуучу станция. Архив
Мунай казуучу станция. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2022
Жазылуу
РФ президенти Владимир Путиндин айтымында, Батыш азыр өз эркин таңуулай турган абалда эмес.
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. АКШнын финансы министри Жанет Йеллен Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банк өкүлдөрүнүн Вашингтондо өткөн жолугушуусунда россиялык нефтинин баррелине 60 долларлык чек белгилөөнү сунуштады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Мындай баа Россиянын нефть казуудан жана сатуудан киреше табуусуна жетиштүү болот", — деген Йеннель.
Анын айтымында, бул Москванын энергетикалык ресурсту сатуудан түшкөн пайдасын азайтып, бирок кирешелүүлүгүн сактап калат.
Министр, мындан тышкары, россиялык нефтини өндүрүү "арзан эле" экенин айтып, Батыштагы союздаштар Москва үчүн баа чегинин механизмин талкуулоону улантып жатканын белгиледи.
"Максат — дүйнөнү нефтинин кескин кымбаттап кетишинен сактоо", — деген Йеннель.
Эскерте кетсек, Москваны энергоресурстан түшкөн кирешеден ажыратуу үчүн россиялык нефтинин баасына чектөө киргизүү демилгеси АКШга таандык. Бул сунушту "Чоң жетилик" да колдогон. Бирок Индия жана Кытай сыяктуу ири колдонуучулар, ошондой эле бир катар өнүгүп келе жаткан мамлекеттер ага кошулган эмес.
РФ президенти Владимир Путин баанын чеги тууралуу билдирүүгө Россия кызыкчылыгына каршы келсе чет жакка эч нерсе жөнөтпөй турганын айтып жооп берген. Анын айтымында, Батыш азыр өз эркин таңуулай турган абалда эмес.
АКШнын президенти Жо Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2022
Мунай жагдайы: АКШнын мындан аркы кадамы кандай болот?
Жаңылыктар түрмөгү
0