"Оздемир Байрактар" борборуна Жапаров менен Ташиевди ким коштоп барды. Сүрөт

© Пресс-служба правительства КРМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жанан УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жанан УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2022
Жазылуу
Буга чейин Ташиев "Байрактар Акынжы" учкучсуз аппараттары алынганын айткан.
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. "Оздемир Байрактар" улуттук технологиялык борбору кыргыз делегациясынын башкы кеңсеге келген сүрөтүн жарыялады.
Анда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, орун басары Камчыбек Ташиев, Жапаровдун кеңешчиси Нурлан Сулайманов (мурунку транспорт министри), транспорт министринин орун басары Таабалды Тиллаев жана дагы бир адам турат.
Буга чейин Ташиев Кыргызстан Түркиянын "Байрактар Акынжы" учкучсуз учуучу аппараттарын алганын билдирген болчу.
Ачык маалыматтар боюнча, "Акынжы" — бул сокку уруучу аскердик дрон. Узундугу 12,2 метрди түзсө, канаты 20 метрге чейин жетет. Аппарат 1,5 тонналык пайдалуу жүк көтөрүп, "аба — аба" классындагы ракета менен куралдана алат. 2021-жылы Түркиянын Куралдуу күчтөрүнө кабыл алынган.
Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2022
Путин Жапаров жана Рахмон менен үч тараптуу жолугушуусун өзү демилгеледи
Жаңылыктар түрмөгү
0