Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Диндердин өнүгүү тарыхы предмети окутулуп жатабы? Расмий жооп

© Sputnik / Табылды КадырбековСабактагы окуучулар. Архив
Сабактагы окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2022
Жазылуу
Кыргызстандын мектеп программасына 2022-2023-окуу жылынан тарта президенттин жарлыгы менен диндердин өнүгүү тарыхы сабагы киргизилген.
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Диндердин өнүгүү тарыхы предмети боюнча окуу китептери мектептерге жеткирилүүдө, айдын соңуна чейин бардык окуу жайлар камсыздалат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Экс-министрдин кармалышына карабастан кайсы реформалар ишке ашат" аттуу брифингде билдиришти.
Кыргызстандын мектеп программасына 2022-2023-окуу жылынан тарта президенттин жарлыгы менен диндердин өнүгүү тарыхы сабагы киргизилген.
Министрлик өкүлдөрүнөн эмне себептен аталган китептер электрондук форматта жана кыргыз тилинде гана экенин сурашты.
Ведомствонун Мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясаты башкармалыгынын башчысы Самаркүл Умралиева бул сабакты 9-класстын окуучулары окуй турганын белгиледи. Предметти үйрөтө турган теологдор жана тарых мугалимдерин тандоо аяктаган. Дагы 2 450 кишинин документи УКМКга жөнөтүлүп, 2 200 педагог интенсивдүү курстан өткөн. 1-сентябрдан тарта окуу процесси башталып, китептер кыргыз тилдүү мектептер үчүн даярдалды.
© Sputnik / Жоомарт УраимовМектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясаты башкармалыгынын башчысы Самаркүл Умралиева
Начальник Управления политики школьного образования и книгоиздания Минобрнауки Самаркуль Умралиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2022
Мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясаты башкармалыгынын башчысы Самаркүл Умралиева
Министрликтин китеп чыгарууну өнүктүрүү секторунун башчысы Самат Тоялиев быйыл аталган предмет боюнча 120 миң окуу китеби басылып чыгарын билдирди. Анын 72 500ү кыргыз тилдүү мектептер үчүн болсо, 42 300ү — орус тилдүү, 8 300ү — өзбек жана 280и тажик тилдүү мектептерге багытталат.
© Sputnik / Жоомарт УраимовМинистрликтин китеп чыгарууну өнүктүрүү секторунун башчысы Самат Тоялиев
Заведующий сектором развития книгоиздания Министерства образования и науки Самат Тоялиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2022
Министрликтин китеп чыгарууну өнүктүрүү секторунун башчысы Самат Тоялиев
"Кыргыз тилиндеги китептер өлкөнүн бардык аймагына жеткирилди. Калганы даярдалып жатат. Айдын аягына чейин өлкө мектептери толук камсыз болот", — деди Тоялиев.
Министрлик китеп жетиштүү экенин белгиледи.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2022
Радио
Эсенгул уулу: "Кыргыз жараны" концепциясын жайылтууга басым жасалат
Жаңылыктар түрмөгү
0