Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Кулеба Украина АКШ жана Британия менен бирге контрчабуул жасаганын моюндады

© AP Photo / Geert Vanden WijngaertУкраинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба
Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2022
Жазылуу
Пранкерлер башкы дипломат менен өздөрүн АКШнын Россиядагы мурдагы элчиси катары тааныштырып сүйлөшүшкөн.
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба пранкерлер менен болгон сүйлөшүүдө Украинанын чыгыш тарабындагы контрчабуул АКШ жана Британия менен биргеликте жасалганын моюндады. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Пранкерлер Вован жана Лексус өздөрүн АКШнын Россиядагы мурдагы элчиси катары тааныштырып сүйлөшүшкөн.
Кулеба АКШ психологиялык барьерден өтүп, Украинага абадан коргонуучу жабдууларды жана Abrams танкаларын жөнөтүп башташы керектигин айтып, "жадагалса кандайдыр бир эскилери болсо дагы кабыл алууга даярбыз" деген.
Мындан сырткары, ал Африка өлкөлөрүнөн советтик үлгүдөгү куралдарды кайра сатып алууга ниеттенип жатканын билдирди. Министр АКШ менен Евробиримдик Украинаны африкалык лидерлер менен сүйлөшүүгө түртүп, аларды өз тарабына тартууну көздөп жатканын билдирген. Бирок Африка өлкөлөрүнүн көбү Россияны жактап же бейтарап позицияны карманарын белгиледи.
Ошондой эле Кулеба Европа Россиянын жеңилишин элестете албай турганын жана Украинанын жеңишинен коркуп жатканын айткан.
"Алар эки анжы ойдо жүрүшөт, бир тарабынан Украина чынында жеңип кетиши мүмкүн, бирок алар Россиянын жеңилишин элестете албай жатышат. Дал ушул нерсе аларды токтотууда. Эгер Украина жеңип, ал эми Россия жеңилбегендей вариант болсо, алардын ойлогону ишке ашмак. Бирок баары Украинанын жеңиши Россияны акылга сыйбаган өч алууга түртөт деп коркушуда", — деди Украинанын ТИМ башчысы.
Соңунда ал Россия менен Украинанын ортосундагы жаңжал дипломатия менен аяктаарын, бирок Киев Батыштын санкциялары жана куралынын жардамы менен үстөмдүк кылуучу позицияны ээлей турганын белгилеген. Аткаминердин айтымында, сүйлөшүүнүн деңгээли согуш таласындагы кырдаалга жана Россия экономикасынын абалына карап аныкталат.
Евробиримдиктин желектерин тууралап жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кезектеги чектөөлөр, криптокапчыктар. Европанын Россияга каршы кадамдары
Жаңылыктар түрмөгү
0