Кыргызстанда автоунаа импорту үч эсе өстү. Статистика

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүАвтоунаалар токтоочу жайда. Архив
Автоунаалар токтоочу жайда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2022
Жазылуу
Темир тулпарлар өлкөгө чет жактагы 30га чукул мамлекеттен келери айтылды.
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Кыргызстанда быйылкы жылдын башынан тарта август айына чейин 21 753 жеңил автоунаа алып киришкен. Бул тууралуу Статистика боюнча улуттук комитеттен кабарлады.
Автокөлүктөр 30га чукул өлкөдөн ташып келинген. Төмөндө эң көп кайсы тараптан келгендигин тизмектейбиз:
Грузия — 6 299;
Россия — 4 216;
Түштүк Корея — 3 897;
АКШ — 2 726;
Япония — 1 377;
Литва — 1 050.
Былтыркы жылдын январь–июль айларында өлкөгө 7 400дөн ашуун автоунаа алып келген.
Цены на популярные автомобили - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2022
Кыргызстанда автоунаалардын баасы кандай болууда. Инфографика
Жаңылыктар түрмөгү
0