Ош: ВИЧти текшерген экспресс тесттерди акысыз берген тестоматтар орнотулат

© Sputnik / Павел ЛисицынВИЧти текшерген экспресс тести. Архив
ВИЧти текшерген экспресс тести. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2022
Жазылуу
ВИЧтин калктын аярлуу катмарында жайылуусун алдын алуу үчүн, Россиядан келген жарандарды жана мигранттарды милдеттүү түрдө медициналык кароодон өткөрүүнү да жөнгө салуу каралып жатканы айтылды.
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Бул жылы Ош шаарында ВИЧти шилекей аркылуу аныктоочу экспресс тесттерди акысыз берген тестоматтар орнотулат. Бул тууралуу Ош шаарында өткөн тегерек столдо айтылганын мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Кеп Ош калаасындагы аптекалардын бирине сынамык долбоордун алкагында коюлчу ВИЧти аныктоочу экспресс тесттерди акысыз берген вейдинг тестоматтар туурасында жүрүп жатат. Эгерде бул долбоор жакшы жыйынтык көрсөтсө, анда жабдууну көбөйтүү иштери аткарылат. Ошондой эле Ош шаарындагы аэропортто мигранттарга ВИЧтин алдын алуу боюнча маалыматтык кампанияны күчөтүү пландалууда.
Статистикага таянсак, ушул жылдын 1-октябрына карата Ош шаарында 1276 адам ВИЧ менен катталган, анын ичинен 874ү эркектер, 401и аялдар.
"Аталган оору көп учурда 29-39 жаштагылар арасында катталат. Буга байланыштуу тегерек столдун жүрүшүндө ВИЧтин калктын аярлуу катмарында жайылуусунун алдын алуу, ошондой эле Россиядан келген жарандарды жана мигранттарды милдеттүү түрдө медициналык кароодон өткөрүүнү да жөнгө салуу айтылды", — деп жазылат маалыматта.
Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2022
Дүйнөдө төртүнчү адам ВИЧти жеңди. Алгач ал рактан дарыланып жаткан
Жаңылыктар түрмөгү
0