Аялдар эмнеге тез-тезден кыжырлана берет? Адистин жообу

© Фото / Pixabay / SvetlanaLexЖини келген аял. Архивдик сүрөт
Жини келген аял. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.10.2022
Жазылуу
Медиктер биринчи кезекте калкан безди текшертип көрүүнү сунушташкан.
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Медиктер жана психологдор аялдардын тез-тезден кыжырлана берүүсүнүн бир катар себебин атап, андан чыгуу жолдорун "Известия" басылмасына түшүндүрүп беришкен.
Дарыгерлер биринчи кезекте калкан безди текшертип коюуну сунушташкан. Анткени бул орган организмде зат алмашуу процессине жооп берет. Калкан безинин иштөөсү бузулганда аялдын салмагы өзгөрүп, ичи катып, эс тутуму начарлап, айызы убагында келбей, териси кургап кетет. Ошондой эле бир нерсеге бат жини келип калат.
"Бул учурда үйдө уруш-талаш көп чыгып, төшөк мамилеси да сууп кетиши мүмкүн. Анткени калкан бези жакшы иштебей калганда аялдын да, эркектин да ышкысы төмөндөп кетет", — деген Елена Горина аттуу дарыгер.
Аялдын психоэмоционалдык абалына жыныс гормондорунун балансынын бузулушу да таасир этет. Медиктер аялдарга гормоналдык дары-дармекти этияттап ичүүнү сунушташкан. Мындан тышкары, эс албай иштөө, туура эмес тамактануу, спирт ичимдигин ашыкча колдонууда кортизол гормону көп бөлүнүп чыгып, аялды стресске кептейт.
Психолог Валерий Рыжик өздөрү үчүн эмес жакындары үчүн жашап калган, өз каалоосунан корккон жана күйөөсү менен ачык сүйлөшүүдөн тартынган учурда да аялдын сиркеси суу көтөрбөй каларын белгилеген.
Адис мындай абалга кабылбаш үчүн аял өзүнүн каалоо, керектөөлөрүн канааттандырып жашашы керек деп эсептейт.
Сүйүү жубайлар эртең мененки тамак учурунда. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2022
Эндокринолог жыныстык каалоону арттырган азыктарды санап берди
Жаңылыктар түрмөгү
0