Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Таабалдиев: токойлордун санарип картасы түзүлүүдө

© Sputnik / Асель СыдыковаАйыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын санариптештирүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр бөлүмүнүн башчысы Майрамбек Таабалдиев
Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын санариптештирүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр бөлүмүнүн башчысы Майрамбек Таабалдиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.10.2022
Жазылуу
Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын санариптештирүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр бөлүмүнүн башчысы Майрамбек Таабалдиев токойчулар отчётторун электрондук түрдө тапшырууга шарт түзүлүп жатканын маалымдады.
Токой ресурстары жөнүндө маалыматтар бирдиктүү системага топтолот. Бул тууралуу Майрамбек Таабалдиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Таабалдиев: токойлордун санарип картасы түзүлүүдө
Анын айтымында, бул министрлер кабинетинин 2022-2023-жылдарга өлкөнү санариптештирүү боюнча иш планына ылайык жүргүзүлүүдө.
"Өлкөдө 41 токой чарба жана бир токойлорду коргоо жана сактоо станциясы бар. Булар үчүн токойлорду башкаруу маалыматтык системасы түзүлүүдө. Максаты — токой ресурстары, токой колдонуучулар боюнча бардык маалыматтарды каттоо, чогултуу, токойлордун абалын анализдөө, токой чарбачылыгын жүргүзүүдө токой кызматынын жана анын түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн жеңилдетүү. Ал "Түндүк" порталы менен интеграцияланат. Бул токойчулардын ишин жеңилдетет. Анткени жогору жактан түшкөн иш пландар жана отчёттор электрондук түрдө жүргүзүлөт. Бул убакытты, кеңсе документтерин үнөмдөөгө мүмкүндүк түзөт. Мындан тышкары, токойлордун санарип картасы түзүлүп, аталган маалыматтык системага жүктөлүүдө", — деди Таабалдиев.
Ошондой эле ал "Жашыл мурас" интернет платформасы дагы түзүлүп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0