Мурдагы билим берүү министри Алмаз Бейшеналиев үй камагына чыгарылды

© Sputnik / Табылды КадырбековМурдагы билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев. Архив
Мурдагы билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2022
Жазылуу
Тергөөнүн жүрүшүндө Бейшеналиевдин 62 миң 500 доллар өлчөмүндө пара түрүндө алынган акчанын калган бөлүгүн өз ыктыяры менен кайтарып бергенин айтышты.
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Пара алды деп шектелип камалган мурдагы билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев үй камагына чыгарылды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Андан сырткары, тергөөнүн жүрүшүндө Бейшеналиев 62 миң 500 доллар өлчөмүндө пара түрүндө алынган акчанын калган бөлүгүн өз ыктыяры менен кайтарып бергенин айтышты.

"Бейшеналиев тергөөнүн жүрүшүндө келтирилген зыяндын ордун толук толтурганын, анын өнөкөт ооруга чалдыкканы, туруктуу жашаган жери, жашы жете элек төрт баласы бар экени, тергөөгө тоскоолдук кылбай тургандыгы эске алынып, баш коргоо чарасы камакка алуу түрүнөн үй камагына өзгөртүлдү", — деп билдири ИИМ.

Аталган министрлик алардын Тергөө кызматы Бейшеналиевге карата 110 000 доллар өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иш тергелип жатканын кошумчалашты.
Эске салсак, 2022-жылдын 29-сентябрында Бишкек шаарынын аймагында атайын иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Бейшеналиев пара алып жаткан деп кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Андан соң жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, тергөө амалдарынын жүрүшүндө ал ыктыярдуу түрдө 37 500 долларын берген.
Учурда кылмыш иши боюнча процессуалдык чечим кабыл алуу максатында ар тараптан тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын кошумчалашты.
УКМКнын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2022
Менчикке чыгарабыз деп пара алган. Бакиевдин мүлкү боюнча бир нече сотко иш козголду
Жаңылыктар түрмөгү
0