Ачууңду бирөөдөн чыгарбай кантип сабырдуу болуу керек. Психологдун видеомаеги

Жазылуу
Психолог учурда эмоционалдык интеллект абдан актуалдуу болуп жатканын белгиледи.
Чындыгында жашообузда эмоционалдык сабаттуулуктун (эмоционалдык интеллект — ред.) мааниси чоң. Анткени коомдук жайда, үй-бүлөдө же оор кырдаалда өзүн кармай албагандыктан көп көйгөйлөр келип чыгат. Мунун ден соолукка тийгизген да таасири бар.
Эмоционалдык сабаттуулук деген эмне? Аны көтөрүүнүн жолдору кандай? Паникага алдыруу, депрессияга түшүү, убагында чыкпай аң-сезимде жыйналган эмоция психологиялык ооруларга алып келеби? Эмоцияны кантип туура чыгаруу керек? Ушул жана башка суроолорго “Кыргызча психология” долбоорунун психологу Айжан Кубакаева жооп берди.
Анын айтымында, эмоцияны ооздуктабаш керек. Болгону ошол маалдагы аракеттерди көзөмөлдөө зарыл. Мисалы, ачууланып жатканда бирөөгө агрессия көрсөтпөй тоого барып кыйкырып же башка жолдор менен эмоцияны туура чыгаруу сунушталат.
Тема боюнча:
Мигрант ата-энесин сагынган бала кандай азап чегет? Психологдун видеомаеги
Жаңылыктар түрмөгү
0