Ноокенде баалуу жаңгак дарактарынын массалык түрдө кыйылганы аныкталды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүБензопила менен адам. Архив
Бензопила менен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2022
Жазылуу
Жаратылыштын баалуу байлыгына кирген 20 түп жаңгак дарагы жана 36 түп алма, алча, долоно сыяктуу түрдүү бадал-дарактардын жок кылынганы белгилүү болду.
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Тоскоол-Ата токой чарбасында баалуу, жоголуп бара жаткан уникалдуу бак-дарактар кыйылганы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, аталган токой чарба Айыл чарба министрлигине карайт.
"Токой чарба администрациясынын, жетекчилигинин шалаакылыгынан жок болуп бараткан баалуу бак-дарактар кыйылган. Мыйзамсыз түрдө 20 түп жаңгак жана 36 түп түрдүү алча, алма, долоно өңдүү бадал-дарактардын жок болгону аныкталды", — деп жазылат маалыматта.
Министрликтин өкүлдөрү бардык фактылар боюнча акт түзүп, топтолгон материалдар укук коргоо жана көзөмөл органдарына өткөрүп берилди.
Кыйылган карагайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2022
Чаткалда токойду кыйып сатышкан. УКМК жетекчилердин бирин кармады
Жаңылыктар түрмөгү
0