Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Ташматова: Түркияда өткөн театр фестивалынан сыйлык менен кайттык

© Sputnik / Асель АкматТеатр жана кино актрисасы Гүлмира Ташматова
Театр жана кино актрисасы Гүлмира Ташматова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2022
Жазылуу
Театр жана кино актрисасы Гүлмира Ташматова Түркияда өткөн театр фестивалына 11 өлкөнүн театрлары катышканын айтты.
3-6-октябрда Түркияда өткөн IV Эл аралык Малтепе театр фестивалында Бакен Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театрынын "Аялдар калкалоочу жай" спектакли жюрилердин атайын сыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу Гүлмира Ташматова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Ташматова: Түркияда өткөн театр фестивалынан сыйлык менен кайттык
Анын айтымында, аталган фестивалга 11 өлкөнүн театрлары келген.
"Дүйнө жүзү боюнча аял кишинин көйгөйүнө өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыктан, "Аялдар калкалоочу жай" спектаклин Түркияда өткөн IV Эл аралык Малтепе театр фестивалында ойнодук. Ал жактагы көрүүчүлөр берилүү менен кабыл алганына күбө боло алдык. Буюрса, ушул эле спектакль менен башка жактарга да гастролдоону пландап жатабыз", — деди актриса.
Ал фестивалга Кыргызстандан жалпы 13 киши катышканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0