Коргоо министри SAARA-02 учкучсуз аппараты тууралуу суроого жооп берди

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүУчкучсуз аппарат. Архив
Учкучсуз аппарат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2022
Жазылуу
Социалдык тармактарга SAARA-02 учкучсуз учактын учуп жүргөн видеосу тарап, анын өлкөдө чыгарылганы айтылган.
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Коргоо министри Бактыбек Бекболотовдон журналисттер интернетке тараган SAARA-02 тууралуу сурашты. Министр учкучсуз аппараттын Кыргызстанда куралганын тастыктабай турганын, ошол эле учурда четке да какпай турганын айтты.
"Учкучсуз аппараттар — кандайдыр бир коркунучтуу технология эмес. Азыр аларды каалаган жерде, кааласа жер төлөдө да курап жатышат. Бизде акылдуу жаштар бар, мен буга ынандым. Кайсы бир жерде курап жатышкан чыгар... Аны бардык жерде жасашат. Мен маалыматты тастыктабайм дагы, четке да какпайм", — деп жооп берди Бекболотов.
Буга чейин интернет тармагына SAARA-02 деген аталыштагы учкучсуз учактын видеосу тараган. Анын өлкөдө чыгарылгандыгы айтылып жаткан.
Печора-2БМ зениттик-ракеталык комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2022
Кыргызстан Беларустан "Печора-2БМ" зениттик-ракеталык комплексин сатып алды
Жаңылыктар түрмөгү
0