Кыргызгидромет дем алышта аба ырайы кандай болорун айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте кол чатыр кармаган мектеп окуучу
Бишкекте кол чатыр кармаган мектеп окуучу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2022
Жазылуу
Ишембиде күн ачылары күтүлүүдө.
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет дем алыш күндөрү аба ырайы кандай болорун алдын ала алынган маалыматтарга таянып кабарлады.
Ага ылайык, апта аягында көпчүлүк аймактарга жамгыр жаашы күтүлүүдө. Бишкекте ишемби күнү жылуу болуп, абанын температурасы 22 градуска чейин жогорулайт. Бирок жекшембиде жаан жаап, абанын температурасы төмөндөшү ыктымал.

Чүй, Талас облустары

Эки облуста тең ишемби, 22-октябрда, жаан-чачын күтүлбөйт. Күн жылуу болуп, Чүйдө абанын температурасы 25 градуска чейин ысыйт. Бирок жекшембиде жамгыр жаап, абанын температурасы 11...16 градуска түшөрү божомолдонду. Ал эми Таласта ишембиде күндүн табы 16...21 градус жылуу болсо, жекшембиде жамгыр жаап, 10...15 градус төмөндөшү күтүлүүдө.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Өлкөнүн түштүк аймактарында да ишембиде күн ачык болору айтылды. Ош облусунда абанын температурасы 21 градуска чейин ысыса, Баткен менен Жалал-Абадда 19...24 градусту көрсөтмөкчү. Жекшемби, 23-октябрда, үч облуста тең жамгыр, бийик тоолуу жерлеринде кар түшөрү айтылды. Абанын температурасы үч аймакта тең 15...17 градуска төмөндөйт.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Ысык-Көл облусунда 23-октябрда кээ бир жерлерине жамгыр жаашы ыктымал. Абанын температурасы 14...19 градусту көрсөтсө, Нарында дагы апта аягында, тагыраагы, жекшембиде жамгыр жаайт. Күндүн табы 12...14 градуска чейин жылыйт.
Кар учурунда көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2022
Ноябрь ичинде Кыргызстанда аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0