Мирзиёев Түркмөнстанга расмий сапары менен барды. Тосуп алуудагы кооз кадрлар

© Фото / официальный сайт президента УзбекистанаӨзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 20-октябрда кечинде расмий сапары менен Түркмөнстанга барды
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 20-октябрда кечинде расмий сапары менен Түркмөнстанга барды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2022
Жазылуу
Өзбекстан менен Түркмөнстандын ортосундагы мамиле 2016-жылдан тарта активдешкен.
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 20-октябрда кечинде расмий сапары менен Түркмөнстанга барды. Мамлекет башчынын маалымат кызматы аны Ашхабаддан тосуп алуу учурундагы кадрларды жарыялады.
Сапардын алкагында Өзбекстандын лидери Түркмөнстандын башчысы менен жолугуп, экономикалык, маданий-гуманитардык тармактарга тиешлүү онго чукул документке кол коюшат.
Мындан сырткары, Мирзиёев Ашхабад шаарындагы "Ташкент" паркынын ачылышына жана эки өлкөнүн чек арасындагы соода аймагын ишке киргизүүгө старт берет.
Өзбекстан менен Түркмөнстандын ортосундагы мамиле 2016-жылдан тарта активдешкени белгиленди.
Мирзиёевдин администрациясы анын Ысык-Көлдөгү видеосун жарыялады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2022
Мирзиёевдин администрациясы анын Ысык-Көлдөгү видеосун жарыялады
Жаңылыктар түрмөгү
0