Чалдыбар көзөмөл өткөрүү жайында чек арачыга ок жаңылды

Курал. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2022
Жазылуу
Жоокер оор абалда, комада жатканы айтылды. Кызмат окуянын эмнеден болгонун алдын ала берилген маалыматтарга таянып билдирди.
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Чалдыбар көзөмөл өткөрүү жайында 21 жаштагы чек арачыга ок жаңылып, башынан жаракат алды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлады.
Окуя кечээ болгон. Аскер кызматкери Казакстан менен чектешкен Чалдыбар көзөмөл өткөрүү жайында келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан.
Чек ара кызматынан алдын ала берилген маалыматтарга караганда, кырсыктуу окуя куралды этиятсыз пайдалангандыгынан улам болгон. Жоокерди Кара-Балтадагы ооруканага алып келишкен. Учурда абалы оор деп айтылып, комага түшүп калганын билдирди.
Окуя болгон жерде учурда Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасынын өкүлдөрү иш алып барууда.
Тажикстан кол салган учурда талкаланган унаа - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Ок тийген мойнун тигип, жарадар жоокерди куткарам деп курман болгон Медетбек
Жаңылыктар түрмөгү
0