Скульптор Батырбаев: Манас менен кырк чоронун эстелигин эки жылда бүтүргөм

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Байысбек Батырбаев
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Байысбек Батырбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2022
Жазылуу
Скульптор Байысбек Батырбаев 2000-жылдардын башында Таластагы белгилүү "Айкөл Манас жана кырк чоро" архитектуралык-айкелдик ансамблин жасаган.
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Байысбек Батырбаев азыр дагы жаңы скульптуралык эмгектерди жасап келет. 70 жаштагы чебер менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маек курду.
— Чыгармачылыкка кандайча аралашып калдыңыз эле?
— Таласта туулуп, ошол жакта өскөм. Мектепти аяктагандан кийин Жалал-Абад педагогикалык училищесинде "Көркөм графика" боюнча окугам. Ал окуу жайга классташтарым тапшырган болчу, мен да алардын артынан барып билим алып калгам. Андан соң Фрунзеге келип Семен Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайына тапшырып, Виктор Шестопалдын шакирти болдум. Диплом алган соң кайра Жалал-Абад облусундагы көркөм фондго бөлүндүм. Ал жакта жасаган эмгектерим азыркыга чейин облустун көп жеринде турат. Беш-алты жылдан кийин Тургунбай Садыков борборго чакырып, монументалдык скульптура устаканасын жетектедим. Устаканада жасалган эмгектер жалпы республика боюнча коюлган. Кийин советтик республикалардан чогулган кесиптештер менен Юрмала шаарына барып, башка да чыгармачыл сапарларда болдум.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков Байысбек Батырбаев: Өмүрүмдө бир да жолу эмгек өргүүсүн алып, анын акчасы менен эс алып көрө элекмин. Устаканага келгенде эс алып калам, анчалык катуу чарчабайсың. Күнүмдүк көйгөйлөрдү, чарбалык иштерди унутам.
Скульптор, заслуженный деятель культуры КР Байысбек Батырбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2022
Байысбек Батырбаев: Өмүрүмдө бир да жолу эмгек өргүүсүн алып, анын акчасы менен эс алып көрө элекмин. Устаканага келгенде эс алып калам, анчалык катуу чарчабайсың. Күнүмдүк көйгөйлөрдү, чарбалык иштерди унутам.
— Менин билишимче, скульпторлор арасында Токтогул мамлекеттик сыйлыгын алгандар аз эле. Жансыз заттан кандайдыр бир образ жаратуу канчалык оор?
— Убагында Жалал-Абадда 12-14 бала, Фрунзеде деле 15тей бала окуганбыз. Менден башкасынын баары эле башка тармактарда жүрүшөт. Чыгармачылык деген адамды өзүнө арбап алат. Ач болсоң, ток болсоң да көкүрөгүңө жакын ишти жасап жүрө бересиң. Мына 70 жашка чыктым. Өмүрүмдө бир да жолу эмгек өргүү алып, анын акчасы менен эс алып көрө элекмин. Устаканага келгенде эс алып калам, анчалык катуу чарчабайсың. Күнүмдүк көйгөйлөрдү, чарбалык иштерди унутам. Анан, албетте, ар бир иштин өзүнүн кыйынчылыгы болбой койбойт. Чыгармачыл инсан өзүнүн жасаган ишине толук берилиши керек. Ошондо жакшы жыйынтык чыгат. Антпесе майнап чыкпайт.
— Көбүнчө кайсы материалдар менен иштеп келесиз?
— Негизинен бетон, таш менен иштейм. Азыр Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз улуттук медициналык академиясынын алдында турган хирургдун алты метрлик бийиктеги эстелигин таштан жасагам. Таш өтө катуу материал, аны менен иштегенге көп күч жумшалат. Эгер ал ишти жан дүйнөң менен берилип жасасаң, таш ылайдай эле болуп ийкемдүү болот. Ыгын таап алганда өзүңөн өзүң эргүү алып күнү-түнү баарын унутуп иштеп каласың. Мойнунан байланган иттей болуп иштесең, скульптор менен материалдын ортосунда тиреш болуп иш жылбай бир жерде эле тура берет. Ошондой эле иш сапаттуу, өзүнүн нормалары менен жасалса былк этпей көпкө чейин турат. Мисалы, борбор калаада өткөн кылымдын 40-50-жылдары коюлган советтик эстеликтер азыркыга чейин эле турат.
— 2002-жылы "Айкөл Манас жана кырк чоро" архитектуралык-айкелдик ансамблин жасап Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгонсуз. Ошол эмгек тууралуу айта кетсеңиз.
— "Манас" эпосунун 1000 жылдыгынын алдында "Манас Ордодо" курулуш баштоо боюнча сөз болгон. 2000-жылдардын башында маселе кайра көтөрүлүп сынак жарыяланды. Сынакка архитектор Асылбек Солтобаев экөөбүз катышып утуп алганбыз. Кыргызстанда ага чейин бир эле Манастын эстелигин тургузуу менен чектелип, ири композициялык эмгектер жок болчу. Биз жасаган скульптуралык ансамблдин так ортосуна 18 метр бийиктиктеги колоннанын үстүнө Манас атанын алты метрлик эстелиги орнотулган. Анын тегерегине 100 метр аралыкта 44 эстелик коюлган. Ага 40 чоро жана Жакып, Бакай, Кошой, Каныкей кошулуп толук композиция жасалган. Алардын постаменти төрт, эстеликтин өзү 3-3,5 метр болгон. Устаканага ошол кездеги президент Аскар Акаев, Талас облусунун губернатору келип көрүп кетишчү. Скульптуралык эмгектерди Бишкекте жасап бүтүрүп, Таласка жүктөп жеткирип орнотконбуз. Мамлекет каржылап бир топ эле акча кетти. Мен автор катары баланча бергиле деп эсептешкен жокмун, ал эмгегим түбөлүк калды. Ошондуктан өзүмдү миллионермин деп эсептейм, жасабай койсом артымда мындай ири эмгек калмак эмес. 2007-жылы Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгын алдым.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков Байысбек Батырбаев: Эгер ишти жан дүйнөң менен берилип жасасаң, таш ылайдай эле болуп ийкемдүү болот. Ыгын таап алганда өзүңөн өзүң эргүү алып күнү-түнү баарын унутуп иштеп каласың. Мойнунан байланган иттей болуп иштесең, скульптор менен материалдын ортосунда тиреш болуп иш жылбай бир жерде эле тура берет.
Скульптор, заслуженный деятель культуры КР Байысбек Батырбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2022
Байысбек Батырбаев: Эгер ишти жан дүйнөң менен берилип жасасаң, таш ылайдай эле болуп ийкемдүү болот. Ыгын таап алганда өзүңөн өзүң эргүү алып күнү-түнү баарын унутуп иштеп каласың. Мойнунан байланган иттей болуп иштесең, скульптор менен материалдын ортосунда тиреш болуп иш жылбай бир жерде эле тура берет.
— Канча убакыт кетти?
— Азыр ойлосом ошол кезде жаш, ал-күчкө толуп турган кезим экен. Эки жылда эле бүтүргөнбүз, иш шыр кеткен. Негизи ал он жылда жасалып бүтчү эмгек болчу. Скульптуралар бетондон куюлуп, сыртына жез жалатылып, сапаттуу технология менен жасалган. Эл азыркыга чейин ыраазычылыгын айтып келет. Бийик эстеликтерди көрүп ошол заманга сүңгүп киргендей болуп, улуу баяндын айрым эпизоддорун элестетишет экен. Айрымдары ал жерге барганда эс алып калабыз деп калышат.
— Азыр эмне иш кылып, кандай жаңы скульптуралык эмгектерди жаратуу камында жүрөсүз?
— Акыркы жылдары мүрзөгө коюлчу эстеликтер коомдук жайларда көп орнотулуп, композициялык эмгектер өтө эле аз болуп кетти. Учурда Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата Шекер айылына коюлчу эстеликти жасап баштадым. Мен аны сынакка катышып жеңип алгам. Залкар жазуучунун эстелигинин бийиктиги төрт метр болуп, эки жагында Акбара менен Ташчайнар турат. Артында 25 метрлик китептин формасы, учуп бараткан турналар чагылдырылган композициялык эмгек болот. Андан сырткары, "Манас Ордо" комплексине манасчынын да эстелигин тургузалы деп турабыз. Анын макети, жалпы концепциясы даяр. Манасчынын артында эпостогу айрым эпизоддор чагылдырылган композиция болот.
— Таптаган шакирттериңиз арбын эле болсо керек?
— Жогорку окуу жайда окуган, аны бүтүргөн балдар устаканага келип турушат, бирок саналуусу эле камыр-жумур болуп иштеп калат. Ошентип алар үйрөнөт, биз да өз убагында ошентип өскөнбүз. "Адамдын акчасын, нанын эмес, акылын уурда" деген жакшы сөз бар. Мен дагы жаштарга "тажрыйбалуу адамдан үйрөнгүлө, өзүңөрдүн ойлогонуңарды да кошуп бир нерсе жараткыла. Жасаган эмгегиңерге толук берилгиле" дейм.
Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрынын, Манас эл аралык аэропортунун, Ата-Бейит улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин архитектору Анарбек Жумакалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2022
Сөөктөр отундай тизилип көмүлүптүр... Архитектор Анарбек Жумакалиевдин маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0