Адис смартфондун "өмүрүн узартуунун" жолдорун айтты

© Фото / Pexels / Stanley NgСмартфондор. Архив
Смартфондор. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2022
Жазылуу
Гаджеттер көпкө кызмат кылсын десеңиз, анын эс тутумун да, өзүн да тазалап туруу маанилүү.
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Смартфонду бат-баттан тазалап туруу менен анын иштөө мөөнөтүн узартууга болот. Бул тууралуу РИА Новостиге https://ria.ru/lenta/ Россиянын "Мегафон" компаниясынын сервис боюнча бөлүмүнүн башчысы Никита Ефимов айтып берди. Анын айтымында, чаң жана кийим-кеченин түктөрү смартфондун ачык жерлерине тыгылып, толуп калышы мүмкүн.
"Бардык буюмдар сыяктуу эле смартфон да кам көрүүнү талап кылат. Аны бат-баттан тазалап туруу зарыл. Мисалы, телефондун кубаттоочу жерине майда-барат чаң, кыл кирип кетсе кубаттагыч ага толук кирбей, кубатталбай калышы мүмкүн", — деди Ефимов.
Мындан сырткары, смартфондун үн чыккан динамикасын спирттүү сүргүчтөр менен тазалап туруу кеңешин айтат.
"Ошондо телефондон үн жакшы угулат. Ошол эле учурда анын бетиндеги коргоочу айнекти, сырткы каптамын да унутпоо керек. Алар телефондун колдон түшүп кеткенде жана дагы башка учурларда сынып калуусунан коргойт. Бизге кайрылгандардын 90 пайызы дисплейин сындырып алгандар. Смартфонду көп жылга пайдалануунун дагы бир жакшы жолу анын эс тутумун текшерип туруу. Түзүмдүн эс тутумунда боштук канчалык көп болсо, ал ошончолук жакшы иштейт. Керексиз тиркемелерди өчүрүп, кэшти тазалап, файлдарды сактоо үчүн "булуттук" сервистерди пайдалануу кажет", — деп түшүндүрдү адис.
Ефимов телефонду узак мөөнөткө көтөрүү үчүн андагы программалык камсыздоону жаңылап туруу да маанилүү экенин белгилеп, бул менен гаджеттин иштөөсүн оптималдаштырса болорун айткан.
Телефон кармап турган адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2022
Кыргызстанга смартфондор Кытайдан башка дагы беш өлкөдөн келет. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0