Жапаров жарлыгы менен Чыңгыз Айдарбековду дипломатиялык рангынан ажыратты

© Фото / пресс-служба МИД КРЖК депутаты Чыңгыз Айдарбеков. Архив
ЖК депутаты Чыңгыз Айдарбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2022
Жазылуу
Айдарбеков буга чейин кыргыз-өзбек чек арасы боюнча комитетке алып келинген келишимдин долбоорунда документтер толук болбогону үчүн кол коюудан баш тарткан.
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангынан ажыратылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Президент Садыр Жапаров атайын жарлыкка кол койгон.
"Бул чечим Айдарбеков Кыргызстандын жакынкы бир катар чет өлкөлөрдөгү чет өлкө мекемелеринин (элчиликтердин) кызматкери кезинде дипломат деген жогорку наамды дискредитациялаган жагдайлар ачылгандыгына байланыштуу кабыл алынган", — деп айтылган маалыматта.
Эске салсак, ЖКнын депутаты, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков кыргыз-өзбек чек арасы боюнча комитетке алып келинген келишимдин долбоорунда документтер толук эмес болгону үчүн кол коюудан баш тарткан. Ал үчүн бир катар аткаминерлердин сынына кабылган. Көп өтпөй ЖК Айдарбековго ишеним көрсөтпөө менен комитет төрагалыгынан артка чакыртып алуу сунушу добушка коюлуп, аны аталган кызматынан кетиришкен.
Депутат Гуля Кожокулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2022
Депутат: Айдарбековду кызматтан кетирүү мыйзамсыз, себеби добуш жеткен жок
Жаңылыктар түрмөгү
0