Ошто бир жума жамгыр жаайбы? Алдыдагы күндөргө карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровОш шаары. Архив
Ош шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2022
Жазылуу
Синоптиктер апта бою дыйканчылык аймактарда күн алыс жамгыр жаап турарын айтты.
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы бир жумада Ош облусунда аба ырайы кандай болорун маалымдады.
Ошто күн алыс жаан жаайт. Мисалы, 23-25-27-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми калган күндөрү айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Кар учурунда көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2022
Ноябрь ичинде Кыргызстанда аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0