Садыр Жапаров: Кыргызстан тышкы саясатта тең салмактуулукту карманат

Президент Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2022
Жазылуу
Садыр Жапаров өлкөнүн коопсуздугун, эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн камсыз кылууга жагымдуу шарттар дипломатиялык кызматкерлердин аркасы менен түзүлүп жатканын белгилеген.
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 24-октябрда, өлкөнүн дипломатиялык кызматынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктаганын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Өлкө башчы сөз башында Кыргызстан көз карандысыз, ырааттуу, тең салмактуу тышкы саясатты карманып келгенин жана мындан ары да карманарын белгилеген.
"Азыркы учурдагы татаал геосаясий кырдаал эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар тутумуна олуттуу таасирин тийгизүүдө. Дүйнө мурда калыптанып калган тартипке коркунуч келе турган башаламан процесске кирди. Эл аралык институттардын ролу алсызданып баратканы ачык байкалууда, коопсуздукка жаңы коркунучтар жана чакырыктар пайда болууда. Ушундай татаал шарттарда Кыргызстан дүйнөлүк коомчулук сыяктуу эле дүйнөлүк аренада улуттук кызыкчылыктарды коргоого болгон күч-аракетин жумшап жатат. Анда негизги роль дипломатиялык кызмат органдарына жүктөлгөн", — деген президент.
Садыр Жапаров өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, анын коопсуздугун, эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн камсыз кылууга жагымдуу шарттар дипломатиялык кызматкерлердин аркасы менен түзүлүп жатканын белгилеген.
"Өлкөгө чет элдик инвестицияларды тартуу, соода-экономикалык кызматташтыктын географиясын кеңейтүү жана Кыргызстандын инвестициясын арттыруу жаатында сиздер жүргүзүп жаткан экономикалык дипломатия өзгөчө мааниге ээ. Улуттук кызыкчылыктарды татыктуу жактап, өлкөнүн эл аралык аброюн чыңдоого салым кошуп, Кыргызстандын эл аралык демилгелерин илгерилетип, чет өлкөлөрдөгү мекендештерибиздин укугу менен кызыкчылыктары үчүн талыкпай эмгектенип келесиздер. Дал ушул эл аралык айдыңдагы Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоого багытталган иш-аракетиңиздер үчүн ыраазычылык билдирем", — деп жазылат мамлекет башчынын куттуктоосунда.
Президент дипломаттарга ден соолук, кажыбас кайрат, ийгилик каалап өткөн.
КР Индиядагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Айжигит Буранов КР эгемендүүлүгүнө карата дипломатиялык салтанаттуу кечеде Нью-Делинин генерал-губернатору менен. 1994-жыл, 31-август - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2022
Дипломат Буранов: катарыбыздан Касым-Жомарт Токаев менен Ильхам Алиев чыкты
Жаңылыктар түрмөгү
0