Улуу Британияга жаңы премьер-министр келди

© AP Photo / Kirsty WigglesworthУлуу Британиянын жаңы премьер-министрлик кызматына шайланган Риши Сунак. Архив
Улуу Британиянын жаңы премьер-министрлик кызматына шайланган Риши Сунак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2022
Жазылуу
Риши Сунак учурда 42 жашта. Жонсон башкарган министрлер кабинетинин тамырынын бошошуна дал ушул Риши Сунактын отставкасы чыйыр салган.
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Улуу Британиянын жаңы премьер-министрлик кызматына мурдагы финансы министри Риши Сунактын келери анык болду. Бул туурасында Консерваторлор партиясынын комитет жетекчиси Грэм Брейди билдиргендигин РИА Новости жазды.
Сунак партиялашы Пенни Мордонт талапкерлигин алып салгандан кийин бул кызматка өзүн сунуштаган жалгыз талапкер болуп калды.
Өкмөт башчы боло тургандар парламенттеги партиялаштарынын 100дөн кем эмес добушун алыш керек.
Консерваторлор партиясынын чечими менен эгерде бир талапкер парламенттеги бул партиянын өкүлдөрүнүн 100дөн кем эмесинин колдоосуна жетсе, ал автоматтык түрдө премьер-министр болуп калат.
Британиянын экс-премьери Борис Жонсон мурда айтылып жаткандай эмес, башка кадам жасап, өз талапкерлигин койгон жок.
Риши Сунак учурда 42 жашта. Ал Улуу Британиядагы 1812-жылдан берки эң жаш жана теги индиялык премьер-министр болуп калды. Жонсон башкарган министрлер кабинетинин тамырынын бошошуна дал ушул Риши Сунактын отставкасы чыйыр салган. Абал улам кыйындап отуруп Жонсон өзү өкмөт башчылыктан кеткен.
Улуу Британиянын премьер-министри Элизабет Трасс  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2022
Британия парламентинин дубалында Трассты келекелеген видео пайда болду
Жаңылыктар түрмөгү
0