Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сыдыков: документтердин долбоорун бир саатта даяр кылган кызмат ишке кирет

© Sputnik / Асель СыдыковаЮстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков. Архив
Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2022
Жазылуу
Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков аталган министрлик ишкананы каттоодо документтердин долбоорлорун даярдап берген жаңы кызмат киргизип жатканын айтты.
Эми ишкана ачууну каалаган ишкерлер документтердин долбоорлорун дагы министрликтен эле жасатып алса болот. Уюштуруу документтери бир сааттын ичинде даяр боло турган жаңы кызмат ишке киргени турат. Бул тууралуу Орозбек Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Сыдыков: документтердин долбоорун бир саатта даяр кылган кызмат ишке кирет
Анын айтымында, аталган кызмат бекер эмес, 613 сом болот.
"Азыркы учурда жаран бир ишкана ачса уюштуруу документтеринин долбоорлорун даярдоо үчүн өзүнчө атайын юристтин кызматынан пайдаланууга мажбур болот. Мындай кызмат көрсөткөн жеке ишканалар да бар. Бирок алар даярдаган документтердин долбоорунун сапаты кандай жана канча убакытта бүтөрү өзүнчө маселе. Көп учурда туура эмес даярдалып, каттаттууга келгенде кайрадан оңдоп-түзөөгө туура келет, мунун баары убакытты алат. Эми ишкер уюштуруу документтеринин долбоорлорун да министрликтен эле бүтүрүп алса болот. Бул иш процесси бир сааттан ашпаган убакытты алат жана алдын ала эсептөөлөр боюнча 613 сом болот. Менин пикиримде, бул сумма ишкерлер үчүн кымбат эмес. Анткени жеке жактар мындай кызматты мындан бир топ кымбат бүтүрүп беришет. Мамлекеттин максаты — коммерциялык кызматты киргизип акча табуу эмес, социалдык өлкө болгондуктан чакан жана орто бизнес өкүлдөрүн колдоо жана иштин сапатын арттыруу", — деди Сыдыков.
Ал аталган кызмат ишкерлердин тандоосуна коюларын, каалагандар мурдагыдай эле өз алдынча уюштуруу документтерин бүтүрө беришерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0