27-октябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКол чатыр көтөрүп көчөдө бараткан адам. Архив
Кол чатыр көтөрүп көчөдө бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2022
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Бейшемби күнү күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +5...+10, Таласта +4...+9, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +9...+14, Ысык-Көлдө +8...+13, ал эми Нарын аймагында +6...+11 градус болору айтылды.
Бишкекте мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Термометрдин көрсөткүчү борбордо +7...+9, Ош калаасында +11...+13 градусту көрсөтөт.
Электр эсептегичи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2022
Энергетика министри быйыл атайын өчүрүүлөр болбой турганын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0