Кыргызстан Түркмөнстандан 300 млн. куб газ сатып алуу боюнча сүйлөшүп жатат

© AP Photo / Joerg SarbachГаз оту. Архив
Газ оту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2022
Жазылуу
Министр өткөн жумада Ашхабадга барып макулдашып келгенин айтты
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергия жана газ алуу боюнча сүйлөшүп жатканын энергетика министри Таалайбек Ибраев парламентте билдирди.
Аткаминер өткөн жумада эле Ашхабадга барып макулдашып келгенин айтты.
"Учурда келишимдин процедуралары жүрүп жатат. Түркмөнстандан 2 миллиард киловатт саат электр энергиясын алууга макулдашып келдим. Азыркы күндө 300 миллион куб газ алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Биз өзүбүздүн бааны сунуштадык", — деди Ибраев.
Ошондой эле ал биринчи орун басары баасын такташуу үчүн кайра Ашхабадга кеткенин кошумчалады.
Энергетик ичимдиктер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2022
Депутат Кыргызстанда энергетик ичимдигине толугу менен тыюу салууну сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0