Путиндин КМШнын атайын кызматтарынын башчылары менен жолугушуусуна Ташиев катышууда

© Sputnik / Алексей Бабушкин / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин
Россия президенти Владимир Путин  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2022
Жазылуу
Россия лидери чатактуу кырдаал дүйнөдө жана аймакта өтө жогору бойдон калып жаткандыгын айтты.
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин КМШга мүчө өлкөлөрдүн коопсуздук жана атайын кызматтарынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүп жатат.
Иш-чара видеоконференция түрүндө болууда.
Ага Кыргызстандын УКМКсынын төрагасы Камчыбек Ташиев катышып жатат.
Россия лидери чатактуу кырдаал дүйнөдө жана аймакта өтө жогору бойдон калып жаткандыгын айтты. Дүйнө көп полярдуу болуп бара жаткандыгын, бирок бир катарлары кандай жол менен болсо таасирин кетирбей кармап туруу аракетин токтотпой келерин кошумчалады.
РФ лидери аны менен катар эле согуштук тажрыйбасы бар чет элдик жалданма күчтөр КМШнын кооптуулугуна коркунуч жаратып жаткандыгын айтты.
Россия президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2021
Путин өлкө кызыкчылыгы үчүн КМШнын атайын кызматтарын пайдаланууга чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0