Путин Батыш баштаган оюн кооптуу, кандуу жана ыплас экенин айтты

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин
Россиянын президенти Владимир Путин  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2022
Жазылуу
Президенттин айтымында, Батыштын оюну мамлекеттер менен элдердин эгемендүүлүгүн, өз алдынчалуулугун жана бөтөнчөлүгүн четке кагып, башка өлкөлөрдүн кызыкчылыгын алдыга койбойт.
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Батыш баштаган оюн кооптуу, кандуу жана ыплас экенин билдирди.
Путин "Валдай" эл аралык дискуссия клубунун пленардык жыйынына катышты.
"Батыштын оюнунун негизги максаты — дүйнөгө үстөмдүк кылуу, бирок бул оюн кооптуу, кандуу жана ыплас деп айтат элем. Ал мамлекеттер менен элдердин эгемендүүлүгүн, өз алдынчалуулугун жана бөтөнчөлүгүн четке кагып, башка өлкөлөрдүн кызыкчылыгын алдыга койбойт", — деди Россиянын лидери.
Анын айтымында, соңку жылдары, өзгөчө акыркы айларда Батыш кырдаалды курчутууга багытталган кадамдарды жасады.
"Валдай" клубунун быйылкы жыйынына 41 өлкөдөн 111 эксперт, саясатчы, дипломат жана экономисттер катышууда. 2022-жылкы отурумга Жакынкы Чыгыштан жана Азиядан, Латын Америкадан, Африкадан жана КМШдан келгендер көп болду. Ошол эле учурда жолугушууга бир катар Батыш өлкөлөрүнүн өкүлдөрү да катышууда.
Путин Валдай клубунун отурумуна катышууда. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2022
Путин "Валдай" клубунун отурумуна катышты. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0