Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Путин: Россиянын Украинага өзөктүк курал колдонуу ниети жок

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүРФтин лидери Владимир Путин
РФтин лидери Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2022
Жазылуу
Мамлекет башчынын айтымына караганда, Россияга Киевдин "ыплас бомбаны" кайда жасап жатканы белгилүү.
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Россиянын Украинага өзөктүк курал колдонуу ниети жок. Бул туурасында РФтин лидери Владимир Путин "Валдай" эл аралык дискуссия клубунун XIX отурумунун пленардык сессиясында сүйлөп жатып айтты.
Ал "ыплас бомбаны" даярдалып жатканы боюнча маалыматтарды Россия кокусунан элге жарыялабагандыгын айтты.
"Биз ал тургай ошол нерсенин кайда даярдалып жаткандыгын да билебиз. Өзөктүк отундун калдыктарын бир аз кайра жасап, өзгөртүштү. Украинадагы технологиялар менен муну жасай алышат. "Точка-У" же дагы башка жакка жүктөйт, аны жардырышат да, муну Россия кылды — өзөктөк курал менен сокку жасады дешет. Бизге аны жасап кереги жок. Биз саясий да, аскердик да жактан жасоого ниеттенбейбиз", — деди Путин.
"Валдай" клубунун быйылкы жыйынына 41 өлкөдөн 111 эксперт, саясатчы, дипломат жана экономисттер катышууда. 2022-жылкы отурумга Жакынкы Чыгыштан жана Магрибден, Азиядан, Латын Америкадан, Африкадан жана КМШдан келгендер көп болду. Ошол эле учурда жолугушууга бир катар Батыш өлкөлөрүнүн өкүлдөрү да катышууда.
Радиация белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Өзөктүк чагым жасоого Киев Батыштан уруксат алгандай... Кырдаалга сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0