Алака бекемделет. Садыр Жапаровдун Астанада Токаев менен жолуккан видеосу

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчы Садыр Жапаров Астана шаарында Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаев менен жолугушуу учурунда
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Астана шаарында Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаев менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2022
Жазылуу
Өлкө башчылар эки тарапты тең кызыктырган маселелерди талкуулашкан.
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда, Астана шаарында Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаев менен жолукканын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, өлкө башчылар эки тарапты тең кызыктырган маселелерди талкуулап, кыргыз-казак мамилелерин өнүктүрүү боюнча пикир алышты.
Касым-Жомарт Токаев эки өлкө мамилеси жакшы өңүттө өнүгүп келе жатканын айтып, бул жолугушуу кыргыз-казак алака-катышын бекемдей турганын белгилеген. Ал Кыргызстандын Казакстандагы маданият күндөрүн канааттануу менен белгилеп, бул иш-чара кыргыз-казак элдеринин мамилесин мындан да жакшыртарына токтолгон.
Ал эми Садыр Жапаров соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тарапты тең кызыктырган кызматташуу жигердүү өнүгүп жатканын айтып, өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү жогорулап, ушу тапта ал 2021-жылга салыштырмалуу 17,8 пайызга өскөнүн белгилеген. Жапаров учурдан пайдаланып Касым-Жомарт Токаевге президенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүп алууну каалап, казак элинин туура тандоо жасаарына ишенерин билдирген.
Садыр Жапаров Астанада ЕК президенти Шарль Мишель менен жолукту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2022
Садыр Жапаров Астанада ЕК президенти Шарль Мишель менен жолукту
Жаңылыктар түрмөгү
0