Бишкекте карызы бар 4,6 миң абонент электр энергиясынан өчүрүлөт

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүЭлектриктер. Архивдик сүрөт
Электриктер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2022
Жазылуу
Чүй электр тармактар ишканасы керектөөчүлөрдү карызын төлөөгө чакырды.
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкек шаарында 31-октябрдан баштап карызы бар 4600 абонентке электр энергиясын берүү токтотулат. Бул тууралуу Чүй электр тармактар ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, электр кубатын аралыктан өчүрүү "акылдуу" эсептегичтер аркылуу ишке ашат. Ишкана карызы бар абоненттерди бересесинен кутулууга чакырды.
Керектөөчүлөргө ыңгайлуу болуш үчүн компаниянын сайтында "Абоненттин балансы" бөлүмү ачылган.
Ал жерден абоненттер өз эсеби жөнүндө маалыматтарды биле алат. Мындан тышкары, балансты күнү-түнү иштеген Call-борборлору аркылуу билсе болот. Ал үчүн телефон номерлер: 1209, (0772/0702/0556) 00-12-09. Муну менен катар эле (0556) 00-12-09 WhatsApp-номерине кайрылсаңыз сиздин эсеп тууралуу маалымат берилет.
Карызды Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, MSТС (Касса-24), MegaCom, "О!", "Оңой" ("О!", MegaPay, UMAI, "Элсом" электрондук капчыктары) терминалдар аркылуу төлөөгө болот.
Мындан тышкары, "РСК Банк", "ДосКредоБанк", "Керемет Банк", "Бакай Банк", "Кыргызстан" коммерциялык банкы, "Халык Банк", КICВ, "Оптима Банк" банктарынын кассасынан же "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынан төлөө мүмкүнчүлүгү бар.
Жарыкты өчүрүү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2022
Электр энергиясын кантип үнөмдөө керек. Жөнөкөй кеңештер
Жаңылыктар түрмөгү
0