Токтосун Тыныбековдун 95 жылдыгына арналган республикалык айтыш өтөт

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, төкмө акын, обончу, комузчу, кыл кыякчы Токтосун Тыныбеков (оңдо). Архив
 Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, төкмө акын, обончу, комузчу, кыл кыякчы Токтосун Тыныбеков (оңдо). Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2022
Жазылуу
9-ноябрда өтө турган айтыштын байге фонду 1 миллион сом.
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. 9-ноябрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда республикалык айтыш өтөт. Маалыматты республикалык "Айтыш" фондунан билдирди.
Ага ылайык, иш-чара Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, төкмө акын, обончу, комузчу, кыл кыякчы Токтосун Тыныбековдун 95 жылдыгына арналат.
"Алдыдагы айтыш Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз улуттук "Манас" театры, Республикалык "Айтыш" коомдук фонду, Токтосун Тыныбеков атындагы коомдук фонду тарабынан президенттин "Улуттук нарк жөнүндөгү" жарлыгынын алкагында уюштурулууда. Байге фонду 1 миллион сом", — деп жазылат маалыматта.
Айтыштын тандоо туру "Манас" кинотеатрында 8-ноябрда саат 10:00дө башталат. Жарым финал жана финалдык бөлүгү 9-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтөт, башталышы саат 18:00дө.
Төкмө акын Акматбек Султан уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2022
Радио
Акмат Султан уулу: айтыш идеологияны жайылтууда курал болуп бере алат
Жаңылыктар түрмөгү
0