Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Кара деңиздеги теракт. Москва Лондонго жооп кайтарат

© Sputnik / Мария ДевахинаРФ ТИМ имараты. Архивдик сүрөт
РФ ТИМ имараты. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2022
Жазылуу
Москва Кара деңиз менен Балтика деңизинде жасалган бир нече терактыга, ошондой эле ага Улуу Британиянын катышуусуна БУУнун Коопсуздук кеңешинен тарта бүтүндөй дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурдурта турганын билдирген.
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Россиянын Тышкы иштер министрлиги Кара деңиздеги террордук актыны даярдоого британиялык адистердин катышуусунан улам жооп кайтаруу ыкмаларын иштеп чыгууда. Бул тууралуу ТИМдин расмий өкүлү Мария Захарованын айтканына таянуу менен РИА Новости жазды.
Эскерте кетсек, Россиянын Коргоо министрлиги Украинанын Николаев облусундагы Очаков шаарында жүргөн Улуу Британиянын Аскер-деңиз күчтөрүнүн өкүлдөрү Балтика деңизиндеги "Түндүк агым — 1" жана "Түндүк агым — 2" газ түтүктөрүндөгү жардырууну даярдап, камсыздап, ишке ашырууга катышканын билдирген. Алар берген маалымат боюнча, ушул эле британиялык адистер Киевдин деңиз операциялары боюнча атайын борборунун аскер кызматкерлерин окутуп, Севастополго кол салууну жетектешкен.

"Россия газ түтүктөрүндөгү терактыны биргелешип иликтөөнү бир нече жолу айткан. Мындай сунуштар Дания, Швеция жана Германия өкмөттөрүнө жолдонгон болчу. Батыш мамлекеттеринин андан баш тартышы жашыра турган нерсеси бар экенинен кабар берип турат. Эмнени жашырып жатканын эми түшүндүк", — деди ТИМден.

Буга чейин РФ ТИМинин өкүлү Мария Захарова Россия тарап Москвага карата Кара деңиз менен Балтика деңизинде жасалган бир нече терактыга, ошондой эле ага Улуу Британиянын катышуусуна БУУнун Коопсуздук кеңешинен тарта бүтүндөй дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурдурта турганын билдирген.
Одессадагы эгин ташыган кеме. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия Севастополдогу терактыдан кийин эгин келишимине катышуусун токтотот
Жаңылыктар түрмөгү
0