Күздүн илеби кайтабы? Таласта бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКүзгү аба-ырайы. Архивдик сүрөт
Күзгү аба-ырайы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2022
Жазылуу
Облустун тоолуу райондорунда айрым күндөрү кар жаашы мүмкүн.
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги маалымдагандай, Талас облусунда жуманын басымдуу бөлүгүндө күн ачык болот.
30-октябрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоо этектеринде жаан, кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.
31-октябрь жана 1-2-ноябрь күндөрү күн ачык болот.
3-ноябрда кайрадан айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
4-ноябрда дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-ноябрда күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Кар учурунда көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2022
Ноябрь ичинде Кыргызстанда аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0