Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

Мындай болбойт. Жапаров Баткендеги курулуш боюнча жоопкерчилик караларын айтты

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чек арадагы жаңжалдын кесепетинен Баткен, Ош облустарында жабыркаган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйыны учурунда
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чек арадагы жаңжалдын кесепетинен Баткен, Ош облустарында жабыркаган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйыны учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2022
Жазылуу
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн атайын эсебине 330,75 миллион сом кайрымдуулук жардам катары түшүп, анын 138,4 миллиону чек ара чатагынан жабыркаган жарандарга компенсация катары берилген.
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Баткенге барган министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Тажикстан менен кагылышуудан талкаланган объектилерди кайрадан куруу иштери жай жүрүп жаткандыгын, ага тиешелүү адамдардын жоопкерчилиги караларын айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.
Жапаров Баткен облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө чек арадагы жаңжалдын кесепетинен Баткен, Ош облустарында жабыркаган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйынын өткөргөн.
"Бардык зарыл болгон чечимдер ыкчам тартипте кабыл алынат, дагы бир маселе — алардын өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө аткарылышы. Кечээ мен курулуш иштери кандай жүрүп жатканы менен тааныштым. Курулуш иштери жай жүрүүдө. Мындай болбойт. Кийинки жыйында бул маселе боюнча жеке жоопкерчиликти карайбыз. Калыбына келтирүү иштеринен тышкары Баткен облусун 2021-2035-жылдарга өнүктүрүү программасын ишке ашырууну улантуу зарыл", — деген Жапаров.
Ал Баткен облусуна бөлүнө турган 6-8 миллиард сомдун 4,1 миллиардга жакыны мамлекеттик органдардын тиешелүү эсептерине түшкөнүн кошумчалады.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн атайын эсебине 330,75 миллион сом кайрымдуулук катары түшүп, анын 138,4 миллиону чек ара чатагынан жабыркаган жарандарга компенсация катары берилген. Аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик программасын ишке ашырууга 250 миллион сом бөлүнгөн. "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча каралган 3 миллиард сомдун 1,3 миллиарды каржыланса, анын ичинен 1 миллиард сому турак жайларды курууга, 300 миллион сому жолдорду жана көпүрөлөрдү реконструкциялоого багытталган.
Комиссия отурумунун жыйынтыгында төмөнкү тапшырмалар берилди:
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жабыркаган жарандарга жана юридикалык жактарга ар тараптуу жардам көрсөтүү максатында Баткен, Лейлек райондору жана Баткен шаарында келтирилген зыянды аныктоо комиссияларынын ишин бир жумалык мөөнөттө жыйынтыктоо;
Тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына объектилердеги курулуш жана калыбына келтирүү иштерин тездетүү;
Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине облустун чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштарында жашаган балалуу үй-бүлөлөргө мамлекеттик жөлөк пулдарды дайындоонун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартибин жөнгө салуучу министрлер кабинетинин чечиминин долбоорун президенттин администрациясына киргизүү;
Билим берүү жана илим министрлигине Баткен облусунун мектептеринде жана бала бакчаларында өзгөчө кырдаалды эске алуу менен окуу процессин уюштуруу боюнча тийиштүү чараларды көрүү. Билим берүү мекемелери менен бирдикте өлкөнүн атайын билим берүүчү орто жана жогорку окуу жайларында контрактылык негизде билим алуучу Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан райондорунун студенттери үчүн жеңилдиктерди берүү маселесин иштеп чыгуу;
Улуттук банкка (макулдашуу боюнча) үстүбүздөгү жылдын 18-ноябрына чейин Баткен облусунда катталган жана ишкерлик кылган ишкер субъекттерине коммерциялык банктар жана микрофинансы уюмдары тарабынан зайымдык каражаттарды берүү тартибин жөнөкөйлөтүүнү караган тиешелүү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталды.
Баткен облусунда чек ара окуясында жабыркаган турак жай жана социалдык объектилердин курулуш иштери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
А.Жапаров Баткенде чек арага чектеш үйлөрдүн кандай салынып жатканын көрдү. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0