Сот департаменти мамлекетке келтирген 5 млн. сом зыяндын ордун толтурду

© Sputnik / Жоомарт УраимовСоттун залы. Архив
Соттун залы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2022
Жазылуу
Сот департаментиндеги жооптуу адамдар компания өкүлдөрү менен жең ичинен сүйлөшүп, сатып алынган товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын кымбат көрсөтүп коюшкан.
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Жогорку сотко караштуу Сот департаментинде мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө мурда аныкталган зыяндын орду толтурулду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
УКМК козгогон кылмыш ишинин алкагында сот системасына санариптик жабдыктар кымбат баада сатып алынганы аныкталган.
"2020-жылы мамлекеттик органдарды санариптештирүү долбоорунун алкагында республиканын сот системасына жалпы 42 миллион 835 миң 250 сомдон ашык суммага техника сатылып алынганы такталган. Иликтөөнүн алкагында аталган мамлекеттик органдын жооптуу адамдары баюу максатында компаниялардын өкүлдөрү менен жең ичинен сүйлөшүп, сатып алынган товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын кымбат көрсөтүп коюшкан", — деп айтылат маалыматта.
Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында мамлекетке 5 миллион 519 миң 170 сомдук зыян келтирилген. Текшерүүнүн жүрүшүндө чыгашанын орду толук толтурулганы айтылды. Ал эми Сот департаментинин мамлекеттик сатып алуулар боюнча жооптуу кызмат адамдарынын аракеттерине юридикалык баа берилип жатат.
Доллар жана сом купюралары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2021
Эсепсиз байыган. Бишкек мэриясынын жерине үй курду делген компания аныкталды
Жаңылыктар түрмөгү
0