Чиновник иш сапарын өкмөт башчы менен макулдашып отчёт берүүгө милдеттендирилди

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүАэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив
Аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2022
Жазылуу
Сапардан кайтып келген кызматкер ТИМге жана президенттик администрацияга анын жыйынтыгы боюнча да отчёт бериши керек.
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда министрликтердин, административдик түзүмдөрдүн жана башка аткаруу органдарынын жетекчилери чет өлкөгө бара турган иш сапарлар тууралуу министрлер кабинетинин төрагасына кабарлап, аны менен макулдашууга милдеттендирилди.
"КР министрлер кабинетинин регламенти жөнүндө" токтомуна мындай толуктоолорду Акылбек Жапаров киргизген.
Ага ылайык, иш сапарга барып келгендер эки апта ичинде ТИМге жана президенттик администрацияга отчёт бериши керек.
"Министрликтердин, административдик түзүмдөрдүн, башка аткаруу бийлигинин органдарынын жетекчилери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, алардын орун басарлары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери жана алардын орун басарлары иш сапардан келгенден кийинки 14 күн ичинде анын жыйынтыгы боюнча ТИМге отчётун (көчүрмөсүн президенттик администрацияга) бериши керек", — деп жазылат токтомдо.
Мындай өзгөрүүлөр аткаминерлердин иш сапарларын иреттөө, эмгек жана каражат тартиптерин бекемдөө үчүн киргизилгени айтылды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында айыл өкмөт башчылары менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2022
Акылбек Жапаров: эски ыкма менен иштеген айыл өкмөттөрү иштен кетет
Жаңылыктар түрмөгү
0